13.03.2019 11:54

Өлкөдө 16-мартта  жалпы республикалык ишембилик өтөт

Өлкөдө 16-мартта  жалпы республикалык ишембилик өтөт

16-мартта өлкө боюнча жалпы республикалык ишембилик өтөт. Бул туурасында өкмөт аппаратынан билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана айылдарынын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 2019-жылдын 16-март күнү жалпы республикалык ишембилик жарыяланды», -деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы ишембиликтин алкагында шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.

Ишембиликтерди өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлөт.

Белгиленгендей, бардык тийиштүү мамлекеттик органдар өлкө Президентинин «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын тиешелүү түрдө ишке ашыруу боюнча максималдуу күч-аракеттерди жумшоого тийиш.